Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары Министрлик) Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуу тууралуу конституциялык укугун камсыздоочу, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөөчү, билим берүү жана илим тармагындагы башкарууну ишке ашыруучу жана бул тармакта мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин борбордук мекемеси болуп саналат.
Министрлик өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин буйрук жана жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук жана токтомдоруна, жарамдуу Жобого, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын катыштыгы менен бекитилип, күчүнө кирген эл аралык келишимдерге таянып жүзөгө ашырат.
Министрлик өзүнүн иштерин аткаруу бийлигинин башка мекемелери менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, коомдук бирикмелер менен, илимий жана башка уюмдар менен биргеликте жүргүзөт.
Министрлик юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө ээ. Министрликтин мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Казына системасында эсептик жана башка счёттору, өз алдынча балансы жана өзүнө таандык мүлкү бар.
Министрликтин негизги максаты болуп билим берүү жана илим, илимий-техникалык ишмердүүлүк тармагындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу саналат.
Министрликтин негизги милдеттери болуп:
  • инсандын кесипкөйлүгүн калыптандырууга, арттырууга багытталган билим берүү тутумун түзүү;
  • билим берүүнүн сапатын арттыруу;
  • илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн жолдорду жана шарттарды түзүү саналат.