Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Жеке маалыматтарды иштетүү жаатындагы саясат

  1. Жалпы жоболор
    1. 1.1. Жеке маалыматтарды иштетүү боюнча бул саясат Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыкты жана «ММК колдоо борбору» Фондунун (мынданы ары – Оператор) жеке маалыматтарды иштетүү тартибин жана коопсуздугун сактоо чараларын аныктайт.
    2. 1.2. Оператор жеке маалыматтарды иштетүүдө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин сактоо, анын ичинде жеке жана үй-бүлөлүк жашоонун кол тийбестик укуктарын коргоону өзүнүн эң маанилүү максаты жана ишмердүүлүгүн жүргүзүүдөгү негизги шарт деп эсептейт.
  2. Саясатта колдонулган негизги түшүнүктөр
    1. 2.1. Оператордун жеке маалыматтарга байланыштуу бул Саясаты (мындан ары – Саясат) Оператор тарабынан https://mediasabak.org веб-сайтынын колдонуучулары жөнүндө алына турган бардык маалыматтарга карата колдонулат.
    2. 2.2. Жеке маалыматтарга блок коюу – жеке маалыматтарды иштетүүнү убактылуу токтотуу (жеке маалыматтарды тактоо үчүн маалыматтарды иштетүү зарыл болгон жагдайлардан башка учурларда);
    3. 2.3. Веб-сайт – графикалык жана маалыматтык материалдардын топтому, ошондой эле алардын https://mediasabak.org тармактык дарек боюнча жеткиликтүү болушун камсыздай турган ЭЭМ үчүн программалар жана маалымат базасы;
    4. 2.4. Жеке маалыматтардын маалыматтык системасы – маалымат базасында топтолгон жеке маалыматтардын жана аларды иштете турган маалыматтык технологиялар менен техникалык каражаттардын топтому;
    5. 2.5. Жеке маалыматтарды жаксыздандыруу - кошумча маалыматты пайдаланбай туруп жеке маалыматтардын белгилүү бир Колдонуучуга же жеке маалыматтардын башка субъектисине тиешелүү экенин аныктоого мүмкүн болбогондой кылуу боюнча иш аракеттер;
    6. 2.6. Жеке маалыматтарды иштетүү – автоматташкан каражаттарды пайдаланып же андай каражаттарды пайдаланбай туруп жеке маалыматтарга катыштуу бардык аракеттер (операция) же андай аракеттердин топтому, анын ичинде чогултуу, жаздыруу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, берүү (таратуу, бирөөгө берүү, кирүү), жаксыздандыруу, блок коюу, өчүрүү, жеке маалыматтарды жок кылуу;
    7. 2.7. Оператор – жекече же башка адамдар менен биргеликте жеке маалыматтарды иштеткен жана/же аны уюштурган, ошондой эле жеке маалыматтарды иштетүү максатын, иштетилүүгө тийиш болгон жеке маалыматтардын курамын, жеке маалыматтардын үстүндө жүргүзүлө турган аракеттерди (операция) аныктаган юридикалык же жеке тарап;
    8. 2.8. Жеке маалыматтар - https://mediasabak.org веб-сайтынын Колдонуучусуна түздөн-түз же кыйыр түрдө тиешеси бар бардык маалыматтар;
    9. 2.9. Колдонуучу - https://mediasabak.org веб-сайтына кирген бардык адамдар;
    10. 2.10. Жеке маалыматтарды берүү - белгилүү бир адамга же адамдардын тобуна жеке маалыматтарды ачыктоого багытталган иш аракет;
    11. 2.11. Жеке маалыматтарды жайылтуу – белгисиз адамдардын тобуна жеке маалыматтарды ачыктоого багытталган бардык иш аракеттер (жеке маалыматтарды берүү) же чексиз адамдардын тобун жеке маалыматтар менен тааныштырууга багытталган иш аракеттер, анын ичинде маселен маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда же жеке маалыматтарды башка амалдар аркылуу жеткиликтүү кылуу;
    12. 2.12. Жеке маалыматтарды чек аралар ортосунда жиберүү – жеке маалыматтарды башка өлкөнүн аймагына чет өлкөнүн бийлик органына, чет өлкөлүк жеке адамга же юридикалык тарапка берүү;
    13. 2.13. Жеке маалыматтарды жок кылуу – жеке маалыматтардын маалыматтык системасында камтылган жеке маалыматтарды кийин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүсүз жок кылууга багытталган бардык иш аракет жана (же) маалымат жүктөлгөн материалдык каражаттар жок кылынат;
  3. Оператор колдонуучу жөнүндөгү төмөнкү маалыматтарды иштете алат
    1. 3.1. Электрондук дареги;
    2. 3.2. Телефон номери;
    3. 3.3. Топтолгон медиакоиндери;
    4. 3.4. Туулган жылы, айы, күнү жана жери;
    5. 3.5. Ошондой эле сайтта колдонуучулар жөнүндөгү жаксыздандырылган маалыматтарды (анын ичинде мисалы «cookie» файлдар) интернет-статистика сервистеринин (Яндекс Метрика жана Гугл Аналитика ж.б.) жардамы менен иштетүү ишке ашат.
    6. 3.6. Жогоруда саналып өткөн маалыматтардын баары Саясаттын мындан аркы текстинде жеке маалымат деген жалпы түшүнүк менен берилет;
  4. Жеке маалыматтарды иштетүү максаты
    1. 4.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүү максаты – жарандык-укуктук келишимдерди тузүү, аткаруу жана токтотуу; Колдонуучуга https://thismywebsite.com веб-сайтындагы сервистерине, маалыматтарга жана /же материалдарга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү; тапшырыктын жагдайларын тактоо.
    2. 4.2. Ошондой эле Оператор Колдонуучуга жаңы продукт же кызматтар, атайын сунуштар менен ар кандай иш чаралар туурасында билдирүүлөрдү жөнөтүүгө укуктуу. Колдонуучу маалыматтык билдирүүлөрдү алуудан дайыма баш тарта алат, бул үчүн Операторго info@mediasabak.org электрондук дареги боюнча « Жаңы продукт же кызматтар, атайын сунуштар туурасында билдирүүлөрдөн баш тартуу» деген белги менен кат жөнөтүү керек.
    3. 4.3. Интернет-статистика сервистеринин жардамы менен топтолгон Колдонуучу жөнүндөгү жаксыздандырылган маалыматтар Колдонуучунун сайттагы иш аракеттери туурасында маалымат алуу үчун, сайттын сапатын жана мазмунун жакшыртуу үчүн кызмат кылат.
  5. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздери
    1. 5.1. Оператор Колдонуучунун жеке маалыматтарын эгер ал https://mediasabak.org сайтындагы атайын форма аркылуу өзү толтуруп жана/же жөнөткөн учурларда гана иштетет. Тиешелүү форманы толтуруу менен жана/же Операторго өзүнүн жеке маалыматтарын жөнөтүү менен Колдонуучу бул Саясатка макулдугун билдирет.
    2. 5.2. Оператор Колдонуучунун жаксыздандырылган жеке маалыматтарын, эгер Колдонуучунун браузеринин жөндөөлөрүндө буга уруксат берилген болсо гана иштете алат («cookie» файлдарды сактоо күйгүзүлгөн болсо жана JavaScript технологиясын пайдалануу).
  6. Жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, берүү жана аларды башкача түрдө иштетүүнүн тартиби. Оператор тарабынан иштетилип жаткан жеке маалыматтардын коопсуздугу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын толук аткарууга зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды ишке ашыруу жолу менен камсыздалат.
    1. 6.1. Оператор жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздайт жана аларга ээ болууга мыйзамдуу укугу жок адамдардын ээ болуусуна бөгөт коё турган бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт.
    2. 6.2. Колдонуучунун жеке маалыматтары тиешелүү мыйзамдарды аткарууга байланыштуу учурлардан башка жагдайларда эч качан, эч бир шартта үчүнчү тарапка берилбейт.
    3. 6.3. Жеке маалыматтарда так эместиктер аныкталса, Колдонуучу Операторго info@mediasabak.org электрондук дареги боюнча «Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу» деген белги менен билдирүү жөнөтүү аркылуу өз алдынча жөндөй алат.
    4. 6.4. Жеке маалыматтарды иштетүү мөөнөтүнө чек коюлбайт. Колдонуучу каалаган убакта жеке маалыматтарын иштетүүгө берген макулдугун артка чакырта алат, бул үчүн Операторго info@mediasabak.org электрондук дареги боюнча «Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берүүнү артка чакыртуу» деген белги менен билдирүү жөнөтүп коюу керек.
  7. Жеке маалыматтарды чек аралар ортосунда жиберүү
    1. 7.1. Оператор жеке маалыматтарды чек аралар ортосунда жиберүүдөн мурда, жеке маалыматтар жөнөтүлө турган өлкөдө ал маалыматтардын субъектисинин укуктары толук кандуу корголо турганына ынанышы керек.
    2. 7.2. Жогорудагы талаптарга жооп бербеген өлкөнүн аймагына жеке маалыматтарды жиберүү, ал жеке маалыматтардын субъектисинин жазуу түрүндөгү анын жеке маалыматтарын чек аралар ортосунда жиберүүгө макулдугу бар болгон учурда жана /же бир тарабы жеке маалыматтардын субъектиси болгон келишимдерди аткаруу учурунда гана ишке ашышы мүмкүн.
  8. Жыйынтыктоочу жоболор
    1. 8.1. Колдонуучу анын жеке маалыматтарын иштетүү боюнча бардык кызыккан суроолоруна Операторго info@mediasabak.org электрондук дареги боюнча кат аркылуу кайрылуу менен түшүндүрмөлөрдү ала алат.
    2. 8.2. Бул документте Оператордун жеке маалыматтарды иштетүүгө байланышкан саясатындагы бардык өзгөртүүлөр чагылдырылат. Саясат аны жаңыга алмаштырганга чейин мөөнөтсүз иштейт.
    3. 8.3. Саясаттын актуалдуу версиясы Интернетте төмөнкү дарек боюнча ачык түрдө жеткиликтүү;