Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ

Бишкек шаары. I МОДУЛЬ. GALS жана дизайн ой жүгүртүү аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу

23-09-2022  -  23-09-2022

"ММК колдоо борбору" Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте "Жарык нуру" демилгесинин алкагында атайын медиа уюмдардын өкүлдөрү, блогерлер, журналистика факультеттеринин мугалимдери үчүн гендердик өзүн-өзү баалоону GALS жана дизайн ой жүгүртүү ыкмалары аркылуу окутуу боюнча семинар-тренинг өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КРӨ), Европа Бирлиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун (АККЗ) бардык түрлөрүнө жана зыяндуу тажрыйбаларга каршы күрөшүүгө багытталган "Жарык нуру" аттуу демилгеси көп жылдык программасын ишке ашырууда. Демилге дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында АККЗны токтотуу үчүн жер бетиндеги трансформациялык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган. Демилге дүйнө жүзү боюнча эң жогорку деңгээлдеги милдеттенмеге ээ жана аны БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Европа комиссиясынын вице-президенти тарабынан каралат

Кыргыз Республикасында «Жарык нуру» демилгесинин максаты - бардык аялдар менен кыздардын, айрыкча аялуу катмардын зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде өспүрүмдөр арасындагы нике жана ала качуудан алыс болушун камсыз кылуу. Мында адамдарга билдирүүлөрдү таркаткан массалык маалымат каражаттары чоң ролду ойнойт. Коомдук пикир ММК сунуш кылган, жарыялаган жана чыгарган маалыматтардын негизинде курулат. Темаларды туура чагылдыруу, образдын курулушу жана өзүнө өзү гендердик баа берүү зыяндуу тажрыйбалар, стереотиптер жана зомбулук менен күрөшүүгө жардам берет.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын гендердик өзүн-өзү баалоо долбоорунун I ФАЗАНЫН  жыйынтыгында 40тан ашык катышуучу 5 модулдук тренингден өтүп, алардын ар бири гендердик теңчиликти жайылтуу боюнча материалдарды түзүү процессине тартылган. 15тен ашык медиа уюмдардын өкүлдөрү өз салымдарын кошуп, институттун ичиндеги терең өзгөрүүлөргө багытталган гендердик-этикалык кодексти кабыл алуу менен институтташтырууга жол ачышты.

Долбоордун II ФАЗАсынын негизги тарабын медиа чөйрөдөгү өкүлдөрүнө 3 модулдан турган ар бири 2 күндүк тренингди камтыйт. Окутуулар Нарын, Чуй жана Ош облустарында уюштурулат.

"GALS жана дизайн ой жүгүртүү аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу” деп аталган семинар-тренингдин I  МОДУЛУ 2022-жылдын 23-24 сентябрь Бишкек шаарында, 27-28 сентябрь Нарын шаарында жана 29-30 сентябрь Ош шаарында  уюштурулмакчы. 

Эске сала кетсек, катышуучуларды аныктоону «ММК колдоо борбору» Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте конкурстук негизде жүргүзүп, Нарын, Чүй жана Ош облустары боюнча медиа-уюмдар, блогерлер, журналистика факультеттеринин мугалимдери катышуучу катары тандалып алынган. Тандалган медиа уюмдар 4 ай бою окутуудан өтөт.

Адрес мероприятия:

Бишкек, ОФ "Центр поддержки СМИ", ул.Анкара 1 Б

Программа события

Адрес:

Бишкек, ОФ "Центр поддержки СМИ", ул.Анкара 1 Б

9:00 - 9:30

Чуй

Таңкы чай/кофе

Таңкы чай/кофе

9:30 - 10:00

Чуй

Алмаз Исманов

Саламдашуу. Өзүнүн прототибин түзүү

10:00 - 10:30

Чуй

Мырзаш Шабданбекова

Тренингдин максаты. Тренингдин эрежелери. Катышуучулардын күтүүлөрү. Кирүү тестин толтуруу

10:30 - 11:00

Чуй

Алмаз Исманов

1-фаза тууралуу “Гендердик өзүн-өзү баалоо”. Жыйынтыктары

11:00 - 12:30

Чуй

Мырзаш Шабданбекова

GALS методикасын презентациялоо

12:30 - 13:00

Чуй

Мырзаш Шабданбекова

GALS «Кыялдануу» ыкмасы

13:00 - 14:00

Чуй

Түшкү тамактануу

Түшкү тамактануу

14:00 - 16:00

Чуй

Мырзаш Шабданбекова

GALS «Кыялга саякат» ыкмасы 1, 2, 3А, 3Б, 4А, 4Б кадамдар

16:00 - 17:00

Чуй

Мырзаш Шабданбекова

GALS “Кыялга саякат” ыкмасынын уландысы 5 кадам. Тренингдин биринчи күнүн жыйынтыктоо