Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ

Ошское городское управление образования

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы шаарыбыздагы билим берүү системасын өнүктүрүү багытында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 2001-чейин билим берүү бөлүм катары облустук элге билим берүү башкармалыгына карап турган. Андан кийин өзүнчө башкармалык катары иштеп, 2014-жылы жаңы бекитилген Жобонун негизинде жаңыдан уюштурулган.

Ош  шаардык билим берүү  башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын структурасында иш жүргүзөт.

Ош  шаардык билим берүү башкармалыгынын негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы орто билим алуудагы конституциялык укуктарын камсыз кылуучу мамлекеттик билим берүү саясатын жүргүзүү;

- окуу-тарбия  процессин  өркүндөтүүгө, коомдун билимдүү жана интелектуалдуу потенциялын калыптандырууга жана жогорулатууга багытталган Ош шаардык билим берүү саясатын  иштеп  чыгуу жана жайылтуу;

- үзгүлтүксүз билим берүү системасын камтыган шаардык мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү тармагында чыгармачыл жанылыктарды киргизүү жана өнүктүрүү;

- шаардык билим берүү мекемелеринде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын  мектепке чейинки,мектеп жана мектептен сырткаркы мекемелерди  камтыган  жана  үзгүлтүксүз билим берүүтармагында чыгармачыл жаңылыктарды киргизүүжана өнүктүрүү;

-билим берүү мекемелеринде  мамлекеттик билим берүү  стандарттарынын аткарылышына  көзөмөл   жүргүзүү;

- Азыркы  талапты  эске  алууменен чет  элдик  илим  жана практиканын  жана өлкөбүздүн  акыркы жетишкендиктеринин негизинде  окутуунун  формаларын  жана усулдарын өркүндөтүү;

-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  тил жөнүндөгү» жана  Кыргыз Республикасынын  официалдуу тил жөнүндөгү мыйзамдарына  ылайык мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелерде мамлекеттик жана расмий тилдерди мындан ары өнүктүрүүнү тереңдетүү;   

-  Окуу планынын  республикалык компонентин толук көлөмдө ишке ашыруу;

-  Окуу планынын  мектеп  жана  аймактык компонентин  иштеп чыгуу жана ишке  ашыруу;

-  Билим   берүү уюмдарын  педагогикалык  кадрлар  менен   камсыздоо;

- Балдардын жана педагогикалык кызматкерлердин кызыкчылыктарын, укуктарынын  корголушун  камсыз кылуу;

-Билим берүүнүнбардык балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, инклюзивдик  билим  берүүнү өнүктүрүү;

-Педагогикалык кадрлардын структуралык тармактардын кызматкерлеринин  квалификациясын  жогорулатууну уюштуруу жана өткөрүү;

- Бардык типтеги жана менчик формасындагы  билим берүү уюмдарын  жана педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүүнү  координациялоо жана көзөмөлдөө;

- Билим  берүү  мекемелерин жана  структуралык  тармактардын  маалыматтык-укуктук жана окуу-усулдук  ишмердүүлүгүн  камсыз кылуу;

-Жаштарды жана балдарды  тарбиялоодо  улуттук  жана мамлекеттик программаларды өнүктүрүү  жана ишке ашыруу;